Дарыгер эркектердин көкүрөк рагынын белгилерин айтып берди

Илдетке 65 жаштан жогору курактагы эркектер, генинде мутацияны алып жүргөндөр, көкүрөк тушка нур терапиясын алгандар жана туугандары онкологиялык ооруга тушуккандар көп чалдыгышы мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Эркектер арасында аялдарга салыштырмалуу эмчек рагы (төш безинин шишиги) чанда кездешет. Ага карабастан мырзалар дагы дарыгерге көрүнүп турууну унутпашы зарыл. Бул тууралуу маммолог Нэлли Федянина айтып бергенин "Известия" жазды.

Анын айтымында, аялдар менен эркектердин көкүрөк рагы өтүшүп кеткенде симптомдору окшош болуп калат.

"Бездер шишип, үрптөрү ичке кирип, тери калыңдайт. Ошондой эле эмчектин учунан кан аралаш суюктук чыгып калат", — деди адис.

Онкологиялык ооруларды шарттачу жаман адаттар тизмектелди
Илдетке 65 жаштан жогору эркектер, BRCA 1, 2 гениндеги мутацияны алып жүргөндөр, көкүрөк тушка нур терапиясын алгандар жана туугандары онкологиялык ооруга чалдыккандар көп кабылышы мүмкүн.

Дартты алдын алуу үчүн адис спорт менен машыкканга, толуп кетпегенге, ичимдиктен баш тартууга чакырды. Ошондой эле ички органдарды маалы менен текшертип турууну сунуштады.