Бишкектик окуучу Белоруссиядагы олимпиадада суперчемпион болду

Эл аралык олимпиадада бишкектик окуучу жогорку упай топтогон. Мындан сырткары, улуттук кийим кийип, добулбаста ойноп берген.
Sputnik

БИШКЕК, 30-янв. — Sputnik. Бишкектик окуучу Артем Меркин Минскиде өткөн менталдык арифметика боюнча олимпиадада жогорку упай топтоп суперчемпион наамын алды. Бул туурасында Белоруссиянын Кыргызстандагы элчисинин маалымат кызматы билдирди.

Бишкектик окуучу Белоруссиядагы олимпиадада суперчемпион болду

Эл аралык олимпиада "Хрустальный абакус" деп аталат. Ага Белоруссия, Казакстан, Кытай, Кыргызстан жана Россиядан 100дөй студент катышты. Алар арифметикалык тапшырмаларды ыкчам аткарып мелдешишкен.

"Ошондой эле Артем Меркин олимпиаданын көңүл ачуучу программасына катышып, Кыргызстан тууралуу видеоролик көрсөткөн. Ал улуттук кийим кийип, добулбаста ойноп жатып эле экрандан сандарды эсептеп берген", — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, жаш кыргызстандык Кытай менен Чыгыш Европанын маданият жана билим алмашуу борборунун Ардак грамотасына татыган.

Артем Меркин Бишкектеги №13 мектептин окуучусу. Ал менталдык арифметика боюнча Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Малайзия жана Түркияда өткөн 13 олимпиаданын катышуучусу.