RT кабарчысы Сирияда жарадар болду

Жарылуу болгондо журналисттер тобу согушкерлер чегингенден кийин калган куралдар сакталган кампаны тартып иштеп жаткан.
Sputnik

БИШКЕК, 29-янв.— Sputnik. Russia Today телеканалынын Сириядагы кабарчысы Вафа Шабруни Идлиб провинциясында жарадар болду. Бул туурасындагы маалымат RT Telegram каналына жарыяланды.

Журналисттер Мааррат ан-Нууман шаарында согушкерлер чегингенден кийин калган куралдар сакталган кампаны тартып иштеп жаткан.

Алдын ала берилген маалыматтарда ошол жердеги снаряддардын бири жарылып кеткен. Айдоочу Шабруни аман экендигин, аны Хан-Шейхун шаарындагы ооруканадан Хама калаасындагы мамлекеттик ооруканага алып бара жаткандыктарын кабарлаган.