"Россия сегодня" ПАСЕде: журналисттерди кодулоо, түрмө, кесип ишеними жөнүндө

ПАСЕнин кышкы сессиясында ЖМКлардын эркиндигине жаралган кооптуулуктар жөнүндө маселе көтөрүлдү. Маалымат жыйынга "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттигинин директорунун орун басары жана Sputnik Эстония жетекчиси демилгечи болду.
Sputnik

Кирилл Вышинский менен Елена Черышева Францияга корпоративдик жилеттер менен журналисттерди куугунтукка алган учурларды баяндаган 12 барак документти ала келди.

"РИА Новости Украинаны" жетектеген Вышинский бир жылдан ашык түрмөдө отурду. Таллиндеги Sputnik редакциясына оңой болгон жок, эркиндик чектелгендиктен кызматкерлер агенттик менен түзүлгөн келишиминен баш тартууга аргасыз болду. Sputnik Эстониянын ишмердүүлүгү убактылуу токтоду. Черышева "Россия сегодня" эл аралык агенттиги менен кызматташуудан эмнеге баш тартпагандыгын, Кирилл Вышинскийдин дагы деле баео бойдон калуусуна эмне себепкер экендигин биздин төмөнкү видеодон көрүүгө болот.