Өлкөдөн жыл сайын тонналап алтын, күмүш, жез чыгарылат. Чоо-жайы

Өткөн жылы өлкө аймагынан 73 миң 401 тоннадан ашык концентрат чыгарылып кеткен. Курамында алтын, күмүш, жез өңдүү баалуу металл бар ал заттар Кытай, Казакстан, Түркияга экспорттолгон.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги ал маселеге кызыгып, концентраттын канча көлөмдө кайсы мамлекеттерге чыгып жаткандыгын тактап көрдү.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда кен казган сегиз компания чет өлкөгө концентрат ташыйт. Чет жакка ири көлөмдө чыгаргандардын сап башында "Алтынкен" менен "Казминералз Бозымчак" жоопкерчилиги чектелген коомдору турат.

Уран казууга бир да лицензия берилген эмес. Эмил Осмонбетов менен маек
Алсак, "Алтынкен" ишканасы 2019-жылы курамында 3177 килограммдан ашык алтын, 2823 килограммдай күмүш жана 906 тоннадан ашуун жези бар концентраттарды Казакстанга жөнөткөн. Ал ишканалар негизинен казылган кенди Кыргызстандын аймагында кайра иштете албагандыктан сыртка алып кетет. Анткени кен казган компаниялардын баалуу металлды иргеп алуучу завод-фабрикасы жок.

Бирок адистер концентраттардын сыртка чыгуусун токтотуу зарылчылыгын көптөн бери айтып келет, анын түрдүү себептери бар. Тоо-кен адиси, техника илимдеринин доктору Дүйшөнбек Камчыбековдун айтымында, мамлекет аларды тыкыр көзөмөлдөй албай жатат.

Өлкөдөн жыл сайын тонналап алтын, күмүш, жез чыгарылат. Чоо-жайы
"Иш жүзүндө өкмөттүн өзүнүн бирдиктүү лабораториясы болушу керек. Ошондо мамлекет сыртка чыгып жаткан концентраттын көлөмүн, андагы баалуу металлдардын курамын так билип тиешелүү деңгээлде көзөмөлдөмөк. Учурда бийликтин андай мекемеси жок. Анын айынан коомчулук чет элдик ишканалардан күмөн санап жатат. Бүгүн ал компаниялар жеке лабораторияга кайрылууда. Алар деле бир тонна концентратта иш жүзүндө сегиз грамм алтын болсо, төрт грамм деп жазып берип коюшу толук мүмкүн. Ошондуктан өкмөт эмнеси болсо да каражат таап, бирдиктүү лаборатория куруп, бардык кен казган компаниялар ошол лабораториянын гана кызматын колдонушу зарыл. Антпесе азыр бизден эмнелер чыгып кетип жатканын толук билбей жатабыз", — деди Камчыбеков.

Ал ошондой эле республика аймагында бир топ ири кендер казылып жаткандыктан өкмөт өзү руда, концентраттарды кайра иштеткен ишкананы курууга аракет кылуусу керектигин да айтты.

Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кыргызстанда учурда алтын ылгап алуучу эки фабрика курулуп жаткандыгын билдирди.

Кыргызстандын аймагынан кандай асыл таштарды тапса болот. Карта
"Чындыгында Кыргызстанга кен байлыктарды кайра иштетүү ишканалары керек. Аларды экологияга терс таасир тийгизбегендей заманбап технологияны колдонуп ишке киргизүү зарыл. Ошондой гана шартта аймактарда кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга болот. Жыл башында Жер-Үй кенинде андай завод ишке кирет, ал эми Терек, Тереккан, Перевальное кендери иштетүү укугуна ээ болгон "Эти Бакыр Терексай" жоопкерчилиги чектелген коомунун кура турган заводу мамлекеттик экспертизадан өтүүдө", — дешти комитеттен.

2019-жылы "Вертекс Голд Компани", "ГИК Кайди", "Фул Голд Майнинг", "Кичи-Чаарат" жоопкерчилиги чектелген коому Кытайга, "Казминералз Бозымчак", "Алтынкен" ЖЧКсы менен "ТК Гео Ресурс" жабык акционердик коому Казакстанга, "Эти Бакыр Терексай" ишканасы Түркияга концентрат ташыган. Ал компаниялар курамында 5,5 тоннадан ашык алтын, 14 миң 272 килограмм күмүш жана 9026 тонна жез бар концентраттарды чет өлкөгө чыгарып кеткен.

Инвесторлордун мындай ишмердүүлүгүн көзөмөлдөө "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамынын 35-беренесинин 5-пункту боюнча өкмөткө жүктөлгөн. Анын негизинде өкмөт КРдин аймагынан концентрат ташып чыгуу жана киргизүүнүн жол-жобосун көрсөткөн №570 токтомун кабыл алган. Ал документке ылайык, концентраттын курамы жеке лабораторияда аныкталып, наркы Лондон биржасындагы алтындын баасы менен эсептелип чет элдик компания киреше салыгын төлөйт. Аларды Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети, Финансы министрлигинин Баалуу металлдар депарматенти көзөмөлдөйт.

Бирок Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров сыртка чыккан концентраттардын курамындагы көптөгөн металлдар текшерилбей кетип жаткандыгын айтууда.

Өлкөдөн жыл сайын тонналап алтын, күмүш, жез чыгарылат. Чоо-жайы

"Өткөн жылы кен казуу тармагынан өлкө казынасына 12 миллиард сомго жакын акча түшүптүр. Мен Салык кызматынан концентраттарды экспорттоодон канча салык түштү десем, алар мындай ишмердүүлүктөн салык алынбайт деп жооп беришти. "Жер казынасы жөнүндө" мыйзамда ал тармактагы саясатты өкмөт жүргүзөт деп жазылган. 2017-жылы өкмөт кабыл алган №570 токтомдо иттин өлүгү жатат. Ал документте концентраттарды ташып чыгууга уруксат берилген, ал эми мыйзамдарда андай жазылган эмес. Мен өкмөткө 38 кымбат баалуу элеменеттерди аныктай алчу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы мамлекеттик лабораторияны иштеткиле деп жатам. Азыр мамлекет концентрат менен рудадагы алтын, күмүш, жезди гана каттоого алып жатат, калган металлдар көзмөлдөнбөй эле кетүүдө. Азыр чет жакка канча көлөмдө концентрат ташылып кетип жатканын мамлекеттик органдар деле билбейт. Бажы жана Салык кызматы, Экономика министрлиги, Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети мага төрт башка маалымат берди", — деди Бакиров.

Жыл башынан бери кенге берилген канча лицензия жокко чыгарылды? Сандар
Мындан сырткары, эл өкүлү концентраттарды кайра иштетпей чыгарууну токтотуп, даяр продукцияны гана экспорттоого аракет кылуу керек экендигин баса белгилейт. Себеби анын аркасында мамлекет азыркыга салыштырмалуу көп киреше таба алат.

Буга чейин укук коргоо кызматкерлери концентраттарды мыйзамсыз алып чыгып кеткен бир нече фактыны аныктаган. Алсак, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 2018-жылы "Казминералз Бозумчак" ЖЧКсы курамында алтын бар 9760,24 тонна концентратты алып чыгып кеткен деп кылмыш ишин козгогон. Ошол эле жылы аталган көзөмөл орган Кытайга 1764 тонна сурьма концентратты мыйзамсыз алып чыккан эки ЖЧКны колго түшүргөн.

Кошумчалай кетсек, 2019-жылы КРдин аймагынан Казакстанга 50 миң 700 тонна, Кытайга 17 миң 549 тоннадан ашык, Түркияга 5 миң 152 тоннага жакын концентрат экспорттолгон.