Коронавирус жуктурду деп шектелген кыргызстандык эмне болду? Департаменттин жообу

Кытайда коронавирустун жаңы тиби менен ооругандардын саны 4515ке жетип, анын ичинен 106 киши каза тапты.
Sputnik

БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Кечээ, 27-январда, кыргызстандык киши коронавируска кабылды деп шектелип, ооруканага жаткырылган. Кийинчерээк диагноз тастыкталбаганы аныкталды. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана санэпидкөзөмөл департаментинин директору Толо Исаков билдирди.

Анын айтымына караганда, эркек киши кечинде Таиланддан келген. "Манас" аэропортундагы тепловизор анын дене табы көтөрүлүп турганын аныктаган. Киши жөтөлүп да жатканын билдирген.

"Ал Республикалык инфекциялык ооруканага жеткирилген. Текшерүүгө алынгандан кийин коронавируска кабылбаганы аныкталды", — деди Исаков.

Анткен менен департаменттин жетекчиси кыргызстандык киши кайсы ооруга чалдыкканын айта алган жок.

Коронавирустун очогу Уханда жашаган кыргыз кыз: интернеттегинин баары чын эмес
Эске сала кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Ал Кытайдан тышкары Азия өлкөлөрүндө жана АКШ, Францияда катталды.

Кыргызстанда бардык чек ара пункттарында санитардык-карантиндик көзөмөл күчөтүлүп, "Манас" жана "Ош" аэропортторуна тепловизор коюлган. Ошондой эле өкмөт 23-январдан тарта Кытай менен бардык аба жана автоунаа каттамдарын токтотууну чечти.