БИШКЕК, 28-янв. — Sputnik. Украиналык боксчу Иван Редкач беттеш учурунда жосунсуз жоругу менен күйөрмандарынын эсинде калды.
Узаган дем алышта украиналык спортчу америкалык Дэнни Гарсия менен кармашкан. Мушкерлер Бүткүл дүйнөлүк бокс кеңешинин (WBC) версиясы боюнча чемпиондук курга талапкер катары беттешкен. Рингдеги категориялары орточо жеңил салмакта эле.
Мындай жагымсыз учурга карабастан америкалык спортчу тиштээк атаандашына жеңилүү ызасын тарттырган. Бул Гарсиянын карьерасындагы 36-жеңиши болуп калды. Андан сырткары, эки ирет жеңилүү ызасын тарткан.
Гарсия атаандашы ийинин тиштеп алганы тууралуу беттештин жыйынтыгы угузулгандан кийин айткан.
"Ал мага "Майк Тайсон!" деп кыйкырып туруп тиштеп салды. Эми теримди тигишет болуш керек деп ойлодум", — деген Гарсия кармаштан соң.
Майк Тайсон 1997-жылы Эвандер Холифилд менен реванш-беттеш өткөрүп жатып каршылашынын кулагын тиштеп алган. Холифилд мелдешти улантуудан баш тарткан. Ал эми Тайсонду дисквалификация кылышкан. Мындан тышкары, эреже бузган спортчуну 3 миллион доллар айыпка жыгышкан.