Соттордун кадыр-баркына шек келтирди делген судьяны иштен бошотуу сунушталды

5-январда маалымат каражаттарында "Судья корпоративден кийин жол кырсыгына кабылды" деген кабар тараган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Жалал-Абад шаарында мас абалында унаа башкарып бара жатып экинчи машина менен кагышты делген судья Элмира Сулайманованы кызматынан бошотуу сунушу президентке жөнөтүлдү. Бул туурасында Жогорку соттун маалымат кызматы билдирди.

Кыргызстандын соттору кантип жазаланат? Жогорку соттун маалыматы
Эскерте кетсек, 5-январда маалымат каржаттарында "Судья корпоративден кийин жол кырсыгына кабылды" деген кабар тараган. Анда Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманованын аракеттери судьялардын кадыр-баркына шек келтиргени айтылган. Окуядан кийин Сулайманова ага протокол толтурган автоинспектордун үстүнөн өзү иштеген шаардык сотко арыз жазган.

"Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 5-1-беренесине ылайык, сот КР судьясынын Ар-намыс кодексинин талаптарын сактоого милдеттүү экендиги жана судьянын кадыр-баркына шек келтирген нерселерден алыс болушу зарылдыгы жазылган.

Буга байланыштуу Жогорку соттун төрайымы Соттор кеңешинин алдындагы тартип комиссиясына судьяны мөөнөтүнөн мурда кызматынан бошотуу туурасында сунуш жөнөткөн.

"Комиссия сунушту 27-январдагы чечими менен канааттандырып, Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Элмира Сулайманова кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотулсун деген чечим чыгарды", — деп айтылат маалыматта.

Эми бул чечимдин негизинде судьяны иштен алуу сунушу президент Сооронбай Жээнбековго жөнөтүлдү.