Оюндун видеосу EHF EURO (Гандбол боюнча эркектер арасындагы Европа чемпионаты — ред.) аталышындагы расмий YouTube-каналга жүктөлдү.
Турнир кечээ, 26-январда, Стокгольмда (Швеция) өткөн. Финалда Испаниянын спортчулары Хорватия менен беттешкен. Эки команда буга чейин экинчи тайпалык баскычта да ойноп, 22:22 упай эсеби менен тең чыгышкан.
Ал эми чечүүчү оюнда Испания каршылаштарын 22:20 эсебинде жеңип, Европа чемпиону болду. Видеодон акыркы топту Алекс Дүйшөбаев киргизгенин көрүүгө болот. Спортчу 10-номерде ойногон.
Ал эми ушул эле командада анын бир тууганы Даниэль Дүйшөбаев да ат салышып, жыйынтыгында экөө тең Европа чемпиону болду.
Кыргызстанда төрөлгөн Талант Дүйшөбаев гандбол боюнча олимпиада жана дүйнө чемпиону. Учурда машыктыруучу катары таанымал. Ал көп убакыттан бери үй-бүлөсү менен чет мамлекетте жашайт.
Дүйшөбаев тууралуу кененирээк Sputnik даярдаган материалдан окуй аласыздар.