Тажикстан менен эки жер тилкесин алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө

Буга чейин жумушчу топко бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына Тажикстан менен жер тилкелерин алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, Аркас (Көк-Таш айылынын жанында) менен Самаркандек айылынын жанындагы жер тилкесин алмашуу боюнча иштер жүрүп жатат.

"Эки тараптуу сүйлөшүүлөр болгон. Жер тилкелерин алмашуу боюнча жалпы түшүнүк бар, бирок бирдей пикирге келе элекпиз", — деди Разаков.

Жумушчу топ Тажикстан менен жер алмашуу боюнча ишке киришти
Январдын башында болгон чек арадагы чырдан кийин эки өлкөнүн вице-премьерлери жер тилкелерин алмашуу жагын карап баштаган.

Эки өлкөнүн топографиялык жумушчу тобуна 1-мартка чейин Баткен облусундагы Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.