Афганистанда 83 жүргүнчүсү менен бараткан учак кыйрады

Авиакырсыктын чоо-жайы азырынча айтыла элек. Маалыматка караганда, борт жергиликтүү авиакомпанияга тийиштүү.
Sputnik

БИШКЕК, 27-янв. — Sputnik. Афганистанда жүргүнчү ташыган учак кырсыктаганын РИА Новости жазды.

ЖМКлардын маалыматына караганда, бортто 83 адам болгон.

Буга чейин Ariana Afghan Airlines афган авиакомпаниясынын учагы өлкөнүн чыгышындагы Газни провинциясында кыйраганы айтылган. Ал эми губернатордун өкүлү Газни Ариф Нури борт Дех Як аймагында кырсыктаганын билдирди.