Чүйдө окуучу кызды зордуктап өлтүргөн зөөкүр 15 жылга кесилди. Өкүм

Зөөкүр өспүрүмдү өзгөчө мыкаачылык менен сабап өлтүрүп, андан соң окуя болгон жерден качып кеткен. Кийин кармалып, бирок көрсөтмө берүүдөн баш тартканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 26-янв. — Sputnik. 21 жаштагы соттолуучу окуучу кызды өзгөчө мыкаачылык менен өлтүрүп, 15 жылга темир тор артында калды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында кабарланды.

ЦУМдун жанында муш жеп көз жумган нигериялык жаран. Айыпкерге өкүм чыкты
Маалыматка ылайык, айыпкер Чүй облусундагы шаарлардын биринде түндө мас болуп көчөдө баратып 15 жаштагы кызга кол салган. Ал ага карата күч колдонуп, киши жашабаган жерге алып барып зордуктоого аракет жасаган, бирок кыз ага каршылык көргөзгөн. Ошондо буга чейин соттолгон зөөкүр аны кордоп, мыкаачылык менен сабап өлтүрүп, окуя болгон жерден качып кеткен.

Сот отурумунда шектүү кылганын толук мойнуна алып, көрсөтмө берүүдөн баш тарткан. Фемида өкүлдөрү аны 15 жылга эркинен ажыратты.