Ош: жабылган саунаны кайра ачып, сойкукана уюштурууга шектелген аял кармалды

Кармалган аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Рейд учурунда мурда жабылган сауна кайрадан ачылып, ал жайда сойкукана уюштурулгандыгы аныкталды.
Sputnik

ОШ, 25-янв. – Sputnik. Ош шаарында Ак-Буура милиция бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан "Ак шоола" саунасында жашыруун сойкулук жайын уюштурууга шектелип администратору кармалды. Бул тууралуу шаардык милициянын маалымат катчысы Замир Сыдыков Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Ош: өрт чыгып эки кыз каза болгон жайдын ичинен көрүнүшү. Видео
Ага ылайык, аталган сауна буга чейин мыйзамсыз иштетилип жаткандыгы үчүн жабылган.

Рейд учурунда сауна кайрадан ачылып, ал жайда сойкукана уюштурулгандыгы аныкталды. Ага шектүү катары Өзгөн районунда туулган 28 жаштагы аял кармалды. Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 167-беренесинин негизинде ("Сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү") тергөө иштери башталды.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.