Бишкекте эки автобус кагышып, кишилер жаракат алды. Сүрөт

Жүргүнчү ташыган эки автобус 25-январда түш ченде борбор калаанын Рыскулов менен Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде кагышып кетти.
Sputnik

БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Бүгүн Бишкектин батыш тарабындагы Фучик көчөсүнүн аймагында жүргүнчү ташыган эки автобус кагышты. Бул тууралуу маалыматты "Бишкек сегодня" Telegram тайпасына окуянын күбөсү салды. 

Бишкекте эки автобус кагышып, кишилер жаракат алды. Сүрөт

Элчилик: Россияда жол кырсыгынан көз жумган беш кишинин үчөө кыргызстандык
Кайгуул милиция башкармалыгынан автоунаа кырсыгы саат 13:30дар чамасында Фучик жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишинде болгондугун айтып беришти. Жабырлангандарды Тез жардам кызматы ооруканага алып кеткен.

Бул бүгүнкү күндүн эсебинен Бишкекте катталган экинчи автокырсык. Биринчиси болжол менен 11:15тер чамасында Жибек Жолу жана Эркиндик проспектисинин кесилишинде болгон. Анда жөө кишини өткөрөм деген автоунааны экинчиси артынан келип сүзгөн. Мунун кесепетинен биринчи автоунаада отурган аял киши жабыркаган.