Өзбекстандын учагы Бишкекке коно албай калды. Себеби

Кечээ, 23-январь күнү, эки эл аралык, бир ички каттам аткарылбай калды. Аэропорт мындай көрүнүш аба ырайынан улам болгонун айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Өзбек аба жолдорунун учагы Бишкекке коно албай койгонун "Манас" эл аралык аэропортунан кабарлашты.

Кечээ, 23-январь күнү, Uzbekistan Airways компаниясынын самолету Ташкенттен учуп чыгып, бирок тумандан улам коно албай артка кайткан. Кийинчерээк кайра абага көтөрүлүп, Бишкекке келген.

"Туман болжол менен түнкү саат 03.00дө башталган. Мындан улам Москва — Бишкек — Москва жана Ташкент — Бишкек — Ташкент рейстери жылып, Ош — Бишкек каттамы кармалган болчу", — дешти аэропорттон.

Учурда "Манас" аба майданы штаттык тартипте иштеп жатат.