БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Кыргызстанда Кытайда жайылып жаткан коронавируска кабылды деп шектелгендер азыр жок. Бул тууралуу Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев маалымат жыйыны учурунда билдирди.
"Азыр мындай вируска кабылгандар чыгып калса деп үч палата дайындап койдук. Биздин оорукана жана кызматкерлер андайларга жардам көрсөтүүгө даяр. Бул жерде негизги маселе — бейтапты башкалардан оолак кармоо. Бул боюнча шарттар түзүлдү", — деди Аалиев.
Анын айтымында, дарыгерлер үчүн дагы коргонуучу каражаттар сатып алынды.
Эскерте кетсек, 2019-жылдын декабрь айынын аягында Ухань шаарында белгисиз өпкө оорусу жайылып баратканы байкалган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон. Вирус адамдарга базарда сатылган жыландар аркылуу жуккан деген версия бар.
Медиктер оору адамдан адамга жугарын айтышты. Учурда дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү аба майданындагы текшерүүнү күчөтсө, ал эми кыргыз ТИМи мүмкүн болсо Кытайга барбай турууну сунуштады.
Акыркы маалымат боюнча, коронавирус жуктуруп алгандардын саны 830га жетип, 25 киши каза тапты.