Былтыр канча кыргызстандык РФ жарандыгын алды. Россия ИИМинин отчёту

Жалпысынан 2019-жылы 498 миң чет элдик Россия жарандыгына ээ болгон. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 84 пайызга көп.
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Өткөн жылы 9,3 миң кыргызстандык Россия жарандыгын алды. Бул тууралуу Россия ИИМинин Миграция башкармалыгынан билдиришти.

Кыргызстан кайсы өлкөдөн келгендерге жарандык берди? 5 жылдын таблицасы
Жалпысынан 2019-жылы 498 миң чет элдик Россия жарандыгына ээ болгон. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 84 пайызга көп.

Маалыматка караганда, сөз болуп жаткан жарандардын басымдуу бөлүгү мурдагы украиналыктар, тагыраагы, 300 миң киши.

Россияга эң көп көчүп баргандардын катарында ошондой эле казакстандыктар (50,5 миң) жана тажикстандыктар (44,7 миң) бар. Алардын артынан өзбекстандыктар (19,4 миң) менен түркмөн жарандары турат (1,4 миң).

Ал эми убактылуу жашоого уруксат берген документ 234,7 миң чет элдиктин колуна кийген.

Эгер акыркы беш жылдын ичинде кайсы өлкөлөрдөн келгендер Кыргызстандын жарандыгын алганын билгиңиз келсе, Sputnik Кыргызстан агенттигинин макаласын окуңуз.