Израилге 46 президент келди. Путин негизги конок катары чакырылган

Путин Ленинград блокадасынын баатырларынын элесине арналган эстеликтин ачылыш аземине катышып, Израилдин премьер-министри менен биргеликте кызыл тасма кести.
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Иерусалимдеги "Яд-Вашем" мемориалдык комплексинде фашисттик Освенцим концлагеринин советтик аскерлер тарабынан бошотулушунун 75 жылдыгына карата бешинчи дүйнөлүк форум өтүп жатат.

Холокосттун курмандыктарын эскерүүгө 46 мамлекеттин лидерлери келгенин Telegram-каналындагы "Пул №3" тайпасына жарыяланды. Иш-чарага негизги конок катары Россиянын президенти Владимир Путин катышууда. Ал Ленинград блокадасынын баатырларынын элесине арналган эстеликтин ачылыш аземине дагы катышып, Израилдин премьер-министри менен биргеликте кызыл тасма кести.

Путин Холокост Израиль менен Россиянын жалпы трагедиясы экенин, себеби кыйноого алынган еврейлердин дээрлик 40 пайызы СССРден болгонун билдирген.

"Ленинград блокадасы жана анда жашаган эл менен коргоочулардын эрдигин дүйнө жүзү билет. Документтерде көрсөтүлгөн фактылар жүрөк үшүн алат. Бирок ошентсе да бир дагы күндөлүк, кинохроника, документ адамдарга көрсөтүлгөн кордукту сүрөттөп бере албайт", — деди Путин.

Кызыл армиянын аскерлери 1945-жылдын 27-январында Аушвиц-Биркенау концлагерин бошотуп, Холокосттун негизги символдорунун бирине айланган. Тарыхчылардын айтымында, Германиянын аскерлеринин Холокост деген атка конгон кыргынынан алты миллиондон ашык адам көз жумган.