Бишкекте биометрикалык паспорт үчүн жеке маалымат чогултулуп жатат. Дареги

Мыйзам боюнча биометрикалык маалыматын тапшырууга ар бир кыргызстандык милдеттүү. Мэрия төрт пункт ачты.
Sputnik

БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте биометрикалык маалымат чогултуу уланып жатат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Маалыматтар төмөнкү даректер боюнча кабыл алынууда:

Биринчи май району — Ак-Босого конушундагы №16 жергиликтүү аймактык башкармалык, №82 мектептин жанындагы ФАП. Телефондору: (0312) 32-50-92, (0552) 70-76-07. Бүгүн жана эртең кабыл алынат;

Балдарга ПИНди кайдан, кантип алса болот? Жол-жобосу
Свердлов району — Дордой конушундагы №94 мектеп. Телефону: (0703) 00-77-30. Ушул жуманын аягына чейин;

Октябрь району — Кара-Жыгач конушундагы Дордой көчөсүндө жайгашкан №6 жергиликтүү аймактык башкармалык. Телефону: (0702) 63-37-47. 25-26-январь;

Ленин району — Жайыл баатыр көчөсү, 132 дарегиндеги №4 жергиликтүү аймактык башкармалык. Телефондору: (0312) 44-33-10, (0701) 11-75-77. 23-24 жана 27-январь.

Мобилдик топ биометрикалык маалыматты кыдырып жүрүп чогултат. Кийинки токтогон жерин мэрия кошумча маалымдамакчы. Жеке маалыматтарын тапшырууну каалагандар паспорту менен келиши керек. Мыйзам боюнча ар бир кыргызстандык биометрикалык маалымат тапшырууга милдеттүү.