Кыргызстанда арак-шарап кымбаттайбы? Акциздик салык жогорулады

Салык кызматынан билдиришкендей, алкоголдук ичимдиктерге болгон акциздик салык жылдан-жылга көтөрүлөт.
Sputnik

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы кабарлагандай, Кыргызстанда жыл башынан бери алкоголдук ичимдиктин түрлөрүнө жана этил спиртине болгон акциздик салык жогорулады.

Мекеменин маалыматына караганда, бул Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин арасында акциздердин баасын шайкеш келтирүү үчүн жасалды.

Кыргызстанда интернет аркылуу ичимдиктерди жарнамалоого тыюу салынды
Аракка жана алкоголдук ичимдиктерге болгон акциздер бир литрине 70 сомдон 100 сомго чейин көтөрүлдү.

2021-жылы алкоголдук ичимдиктердин ушул түрлөрүнүн бир литрине болгон акциздер 120 сомду түзсө, 2022-жылы – 140 сом, 2023-жылы 160 сом болот.

Этил спиртине болгон акциздик нарк мурда 70 сом болсо, азыр бир литри 100 сом болду. Кийинки үч жылда акциздик салык 20 сомго кымбаттайт.

Коньяктын бир литрине болгон акциздик нарк 52 сомдон 70 сомго чейин болот. 2021-жылы бул сумма 80 сом болсо, 2022-жылы — 90 сом, 2023-жылы 100 сомду түзөт.

Аны менен бирге алкоголу азыраак ичимдиктердин бир литрине 200 сом өлчөмүндөгү акциз коюлду, буга чейин ал 70 сом болуп келген.