Бишкектеги алтын, валюта жана майдын баасы. 21-январь

Евро канча турат, бензиндин баасы бүгүн канча сомду чапчыды, Улуттук банктагы алтын куймаларынын наркы өсүп жатабы? Бул маалыматтарды үйдөн чыкпай, интернеттен издебей эле Sputnik Кыргызстандын жаңы рубрикасынан биле аласыз.
Sputnik

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Жаңы рубрикабызда окурмандарды автоунааларга куя турган майдын баасы, валюталардын курсу менен күн сайын тааныштырып турабыз. Эмне үчүн бул тизмеге Улуттук банктагы алтын куймалары боюнча маалымат кошулуп калды? Себеби акыркы учурда алтындын баасы улам өсүп бара жатат. Эгерде баам салып, ойлонуп кадам таштаса, бир топ эле акча жасап алса болчудай.

Бишкектеги алтын, валюта жана майдын баасы. 21-январь

Валюта баасы Улуттук банктын расмий курсу жана Valuta.kg порталындагы маалыматтарга карата берилди. Бул жерде алмаштырыла турган акчалардын наркы көрсөтүлүп турат.

Улуттук банктагы алтын запасынын баасы акыркы жылдары 4 эсе өстү
Эске салсак, 2015-жылдан тарта Улуттук банк алтын куймаларын сатыкка чыгара баштаган. Бул кыргызстандыктардын топтогон акчасын алтынга салууга көмөктөшүү максатында жасалган. Алар алты ар башка граммдагы уютмадан турат, салмагы бирден тарта 100 граммга чейин. Куймалар сатыла баштагандан бери 220 кг алтын соодаланган.

Мамлекеттин башкы банкы алтын уютмаларын элге сатпастан, аны сатып да алат. Бааны алар өздөрү Лондондогу Баалуу металлдар ассоциациясынын кечки фиксингине карата ар күн сайын коюп турат.

Ал эми автоунаа майларын алсак, күйүүчү май менен бензиндин эл көп пайдаланган түрлөрү белгиленген.