Кышта жуубай жүрө бербе! Автоунааны иштен чыгара турган зыяндуу беш адат

Эксперт кышында автокөлүктү жуубай жүрө берүүнү адат кылбаш керектигин эскертти. Жолго себилген реагенттерден улам металлды дат басып кетүү коркунучу күч.
Sputnik

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Автоэксперт Илья Пименов айдоочулардын кайсы жаман адаттары автоунаага зыянын тийгизерин айтып берди. Бул туурасында "За рулем" журналы жазган.

Алардын бири — автоунааны "жылытпай" эле айдап кетүү.

"Кандай гана заманга бап автоунаа болбосун, жайында да, кышында да жылытыш керек. Күн суукта ал сөз жок жасала турган нерсе", — деген эксперт.

Анын айтымына караганда, беш мүнөт жылытуу жетиштүү жана алгач жай айдап, андан соң ылдамдыкка өтүү талапка ылайык болот.

Дагы бир зыяндуу адат — кескин ылдамдыкка салып жана кескин токтотуу, тагыраагы, аёосуз "тормоз басуу". Кескин токтоткондо тормоздук система эле жабыркабастан, светофорлордо автокөлүк тайгаланып, токтоодо кыймылдаткычына күч келип, дөңгөлөктөр да бир орунда тегерене берип сапатын жоготору айтылды.

Кыргызстанда автоунааны каттатуу 2020-жылы канча турат? Калькулятор
Эксперт бурулуп же айланып бурулуп жатканда "ручникти" такыр эле колдонбош керектигин айтты. Бул автоматтык түрдөгү башкарууга зыянын келтирсе, ал эми "вариаторго" такыр эле колдонбоо сунушталды.

Пименов кышында автокөлүктү жуубай жүрө берүүнү адат кылбаш керектигин эскертти. Жолго себилген реагенттерден улам металлды дат басып кетүү коркунучу күч. Андыктан темир тулпарды жай мезгилине караганда кышында көбүрөөк жуудуруп туруш керек.

Карда калтыруу да зыяндуу адаттарга кирген. Кардын үстүндө калтыруу автоунаанын салонун каптаган катмарларга, электрикасына, трасмиссиясына, пластик жана металлдан жасалган деталдарына зыян экендиги айтылды.

Эксперт автоунааны көп мезгилге чейин токтотуп коюп, кайра айдаганда мурдагысынын үстүнө жаңы май кошуп коюу зарылдыгын эскерткен.