Оюбуз ишке ашпай калды... Ыйгарым укуктарынан ажыраган ханзада Гарринин өксүгү

Жубайлар 8-январда падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктардан баш тартуу чечимин кабыл алган. Алар финансылык жеңилдиктерге, ыйгарым укуктарга ээ болгусу келбей, падышалык үй-бүлөдөгү милдеттерди аткарып, өз алдынча акча таап жашагысы келгендигин айтышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Ханзада Гарри жубайы менен биргеликте кабыл алган падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктардан баш тартуу чечиминин кесепеттүү болгонуна кайгырып жатканын Лондондогу кайрымдуулук иш-чарасында билдирди. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Буга чейин Букингем сарайы британиялык ханзада Гарри менен жубайы Меган Маркл үстүбүздөгү жылдын жаз айларынан тарта падышалык милдеттерин аткарбай турганын жар салган. Ошондой эле "Алардын падышалык улуу урматына" деген маанайда кошо айтылып келген жогорку даражадагы өзгөчө макам сөз Гарри менен Меганга колдонулбай турганы маалымдалган.

"Меган экөөбүз үйлөнгөндө келечекке болгон үмүтүбүз чоң болуп, кызмат кылгыбыз келген. Бирок жубайым экөөбүздүн чечимибиз ушундай көрүнүшкө жетип калганына кайгырып турам", — деди ханзада.

Дүйнөнү дуу кылган Меган Маркл. "Эрке келин" тууралуу 9 факты
Гарри чечим кабыл алуу оңойго турбаганын жана сүйлөшүүлөр бир нече айга созулганын белгилеген.

"Сүйлөшүүлөр көптөгөн айларга созулду... Жаңылбай түз жүрдүм деп дагы айтпайм, бирок бул учурда башка тандоо жок болуп калды. Белгилей кетейин, биз сиздерден такыр эле кетип жаткан жерибиз жок. Биз мамлекеттин каржылоосу жок эле ханышага, Шериктештикке, аскерий ассоциацияларга кызмат кылгыбыз келген. Бирок, тилекке каршы, буга мүмкүн болгон жок", — деди ханзада.

Эске салсак, жубайлар 8-январда падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктардан баш тартуу чечимин кабыл алган. Алар финансылык жеңилдиктерге, ыйгарым укуктарга ээ болгусу келбей, падышалык үй-бүлөдөгү милдеттерди аткарып, өз алдынча акча таап жашагысы келгендигин айтышкан.