UFC башчысы Хабиб беттештерден канча акча тапканын ачыктады

Лас-Вегаста өткөн UFC 246 турниринен кийин Уайт россиялык мушкер менен ирландиялык спортчунун беттешин уюштурарын айткан.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. UFC абсолюттук мушкерлер уюмунун президенти Дана Уайт жеңил салмактагы чемпион Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун реванш-беттеши өтөрүн ишенимдүү түрдө айтты. Бул тууралуу MMAJunkie басылмасы жазды.

"Хабиб Конор менен жолукпайм дедиби? Реалдуу карай турган болсок, Нурмагомедов беттештерден эч качан баш тарткан эмес. Мындай нерсе анын стилине жатпайт. Ал Конор Макгрегорду жек көрөт, ирландиялык спортчунун сезимдери дагы ошондой", — деди UFC президенти.

Уайт Нурмагомедов UFC уюмунун турнирлеринен канча акча тапканын айтып берди.

"Элдин баары эле Конордун байлыгын сөз кыла берет. Хабиб дагы бай. Анын 50 миллион доллардан ашык акчасы бар", — деди Уайт.

Уюмдун президенти бокс боюнча дүйнөнүн экс-чемпиону Флойд Мейвезер менен дагы баарлашканын тастыктады.

Макгрегор: UFC тарыхында үч салмакта тең нокаут менен уткан мушкермин
"Флойд экөөбүз бүгүн кечинде сүйлөштүк. Мейвезер биздин планыбызда бар, анын планында биз барбыз. Кыскасы, акыры бир нерсесин ойлоп табабыз", — деди Уайт.

Макгрегор менен Нурмагомедов 2018-жылы 6-октябрда беттешкен. Анда ирландиялык спортчу муунтуу ыкмасынан утулуп калган. 2020-жылдын 19-январында Макгрегор октагонго кайтып, Дональд Серронени техникалык нокаут менен жеңди. Турнирден кийин Уайт россиялык чемпион ирландиялык каршылашы менен беттешерин жар салган. Хабиб болсо өз шартын койду.