"Кыргызстандыктар жардам берген". Бишкекте Ленинград блокадасы эскерилди

Россиянын элчиси кыргызстандыктардын курчалган Ленинградды бошотууга кошкон чоң салымын жана эвакуация болуп келгендерге көрсөткөн жардамын баса белгилеп айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкекте Ленинград блокадасын жарып өтүүнүн 77 жылдыгына арналган митинг-реквием болду. Бул тууралуу Россиянын Бишкек шаарындагы Илим жана маданият борборунан кабарлашты.

Иш-чарага Россия кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Нефёдов катышты.

150 баланы уй жүктөгөн вагон менен алып келишкен... Токтогон Алтыбасарова эскерилди
Россиянын КРдеги элчиси Николай Удовиченко блокадачыларды куттуктады. Дипломат кыргызстандыктардын курчалган шаарды бошотууга кошкон чоң салымын жана алардын эвакуацияланган невалыктарга көрсөткөн жардамын белгиледи.

Митинг Бишкектеги Октябрь районунун администрациясынын колдоосу менен Ленинград блокадачыларынын Кыргыз коому, Россиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган.