Украинага Ирандагы авиакырсыктан көз жумгандардын сөөгүн алып келишти

Учуп-конуу тилкесинде Украина президенти Владимир Зеленский, премьер-министр Алексей Гончарук жана Жогорку Раданын спикери Дмитрий Разумков болду.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. – Sputnik. Ирандагы кулаган учакта каза тапкандардын сөөгүн Украинадагы "Борисполь" аэропортуна алып келишкендигин РИА Новости кабарлады.

Учуп-конуу тилкесинде Украина президенти Владимир Зеленский, премьер-министр Алексей Гончарук жана Жогорку Раданын спикери Дмитрий Разумков болду.

Эске салсак, Иранда лайнер кулап, анын ичиндеги жүргүнчүлөр менен экипаж толугу менен каза болгон трагедия дүйнөнү солк эттирген. Кырсык 2020-жыл жаңырган сегизинчи күнү болгон.

Иранда кыйраган учак. Ракеталардын учуп чыгып бутага тийген учуру видеодо
11-январь күнү Ирандын аскерий адамдары каргашанын жоопкерчилигин мойнуна алышкан. Иран тараптын айтымында, аба кемеси аскер объектисинин жанынан учуп бараткандыктан "АКШнын учагы" катары атып түшүрүлгөн.

Украина президенти Владимир Зеленский Тегерандан расмий кечирим суроосун, күнөөлүүлөрдүн жазаланышын жана компенсация төлөп беришин күтүп жатканын айткан.

Ислам революциясын коргоочулар корпусунун (ИРКК) командири Хосейн Салами Тегеранда атып түшүрүлгөн Украинанын учагы үчүн кечирим сураган.