БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ирландиялык белгилүү мушкер Конор Макгрегор UFC турниринде америкалык Дональд Серронени техникалык нокаут менен утуп алды. Беттеш болгону 40 секундага созулду.
Макгрегор башында эле катуу чабуулга өттү. Ал клинч учурунда ийини менен Серроненин мурдун сындырып, андан кийин башка тепкилеген. Муштумдары биринин артынан бири тийгендиктен рефери беттешти токтотууга аргасыз болду.
Аралаш мушташ боюнча UFC 246 турнири Лас-Вегаста өттү. Спортчулар октагондо 77 килограмм салмакта күч сынашты.
Конор акыркы кармашын 2018-жылы 6-октябрда өткөрүп, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедовго утулуп калган. Ал ушуну менен 22-жеңишин камсыздады. Буга чейин октагондо төрт ирет жеңилүү ызасын тарткан.
Ал эми Серроне 14-ирет жеңилди. ММА боюнча 36 беттешти уткан.
Турнирдин тексттик трансляциясын шилтемеден көрүңүздөр.