БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Социалдык желеде Таиланддагы "чогултма" базардын дрон менен тартылып алынган видеосу тарады.
Аталган ролик 13-январда The Unexplainedдун Twitter-аккаунтунда чыккан. Анда сатуучулар рельстин үстүнө жайылган товарын жана чатырларын шаша-буша алып, поездге жол ачат. Транспорт өтүп кеткенден кийин кайра заматта ордуна жайышат.
Белгилүү болгондой, видеодо Бангкоктон бир саат аралыкта жайгашкан Меклонг базары тартылган. Ал Самут Сонгкрам провинциясында жайгашкан. Жергиликтүү сатуучулар ал жакта жер-жемиш, жашылчаларды, деңиз азыктарын жана сувенирлерди сатышат.
Поезд Таиланддын базарын аралап, нары-бери бир күндө 8 жолу өтөт.
Жергиликтүү эл жана туристтер башкы өзгөчөлүгүнө карай, бул жерди "чогултма" базар деп алышкан. Euronewsтун маалыматы боюнча, бул жерге 2 миллионго чейин турист келет.