Елизавета II Гарри менен Мегандын ыйгарым укуктары боюнча чечим чыгарды

Елизавета II өзүнчө билдирүү жасап, Гарри жана Мегандын жасаган кадамын, алардын чечимин түшүнүү менен кабыл алып жаткандыгын айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл ушул жылдын жаз айынан тарта падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктардан бошотулат. Бул тууралуу РИА Новости Букингем сарайына шилтеме кылып жазып чыкты.

Дүйнөнү дуу кылган Меган Маркл. "Эрке келин" тууралуу 9 факты
Падышанын бүлөсү болгондуктан буга чейин "Алардын падышалык улуу урматына" деген маанайда кошо айтылып келген жогорку даражадагы өзгөчө макам сөз эми Меган менен Гарриге колдонулбайт.

Жубайлар 8-январда падышалык үй-бүлөдөгү ыйгарым укуктардан баш тартуу чечимин кабыл алган. Алар финансылык жеңилдиктерге, ыйгарым укуктарга ээ болгусу келбей, падышалык үй-бүлөдөгү милдеттерди аткарып, өз алдынча акча таап жашагысы келгендигин айтышкан

Ошондой эле түгөйлөр Улуу Британия менен АКШда барып-келип жашай турганын кабарлаган. Ханзаада Гарри менен жубайы Меган Марклдын пикиринде, эки жакта бирдей жашап уулу Арчини ал төрөлгөн падышалык үй-бүлөнүн каада-салты менен тарбиялашмак.

"Герцог менен герцогиня Фрогмордогу үйдү оңдотууга кеткен каражатты кайтарып берүү ниетин билдиришти жана ал коттедж жубайлардын Улуу Британиядагы турак жайы болуп калат", — деп жазылган билдирүүдө.

Ханзаада Гарри менен жубайы Меган расмий иш-чараларда ханышанын атынан сүйлөй алышпайт.

"Герцог жана герцогиня жаңы жашоо баштап жатканда падышалык үй-бүлө аларды колдогонуна ыразычылык билдирет. Келишимге ылайык, алар падышалык ыйгарым укуктардан, расмий аскердик иш-чаралардан оолак болуусу керек. Ханышанын макулдугу менен алар айрым уюм, ассоциацияны колдой алат", — деп Букингем сарайынан билдиришти.

Ал эми Улуу Британиянын ханышасы Елизавета II өзүнчө билдирүү жасап, Гарри жана Мегандын жасаган кадамы менен чечимин түшүнүү менен кабыл алып жаткандыгын айтты.