Демократтар сенатка Трамптын импичменти боюнча негиздеме жөнөтүштү

Кайрылуунун авторлору сенатты АКШда 2020-жылы боло турган шайлоону жана башкаруунун конституциялык формасын "коргоо" үчүн бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырган.
Sputnik

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. АКШда демократтар сенатка президент Дональд Трамптын импичменти боюнча майда-чүйдөсүнө чейин жазылган негиздеме жиберди. 111 барактан турган документ эл өкүлдөр палатасынын Чалгындоо боюнча комитетинин сайтына жарыялангандыгын РИА Новости жазды.

"Президент Дональд Трамп өзүнүн жеке кызыкчылыгынан улам АКШдагы шайлоого киришүү максатында расмий ыйгарым укуктарын пайдаланып, башка өлкөнүн өкмөтүнө басым жасаган. Мыйзамды бузгандыгын иликтеп баштаган конгресске мунусун жашырып, бут тоскон", — деп айтылат документте.

Негиздемеде АКШнын Баш мыйзамында эгерде президент кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланса ага импичмент жарыялоо маселесин көтөрүп чыгууга болору айтылган.

Кайрылуунун авторлору сенатты АКШда 2020-жылы боло турган шайлоону жана башкаруунун конституциялык формасын "коргоо" үчүн бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырган. Андан сырткары, бул кадам "АКШнын улуттук коопсуздугуна президент жаратып жаткан коркунучту четке кагуу" үчүн да жасалышы керектиги айтылган.

Трамптын азыр кетерине көзүм жетпейт. Путин АКШ лидеринин импичменти тууралуу
Президенттин айланасындагы юристтерге жакын жүргөн маалымат булагы Трамптын тарабы демократтарды өткөн шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарууга аракеттенген жана келеки шайлоого да аралашкысы келип жатат деп күнөөлөгөндүгүн журналисттерге айткан.

Бул аптада эл өкүлдөр палатасы импичмент боюнча ишти сенатка берген. Ант берүүгө Жогорку соттун судьясы Жон Робертс келген. Ал сенаторлор келип, сот арачылар милдетин аткарып жатканда, соттук процесстерге төрагалык кылат. Териштирүү сенатта 21-январда башталары кабарланды.

Эл өкүлдөр палатасы декабрь айында Трамптын импичменти боюнча эки пункттан турган маселени алып чыккан. Биринчиси кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, экинчиси сенаттын ишине кийлигишкен деп айтылды. Импичмент жарыялоо аракети демократтардын добушу менен киргизилген, ал эми сенатта арбыныраак санда отурган республикачылар президентти актоо ниетинде.

Трамп мунун баарын танып, Украина бийлигине эч кандай шарт койбогондугун, болгону коррупция менен күрөшүүнү талап кылганын айткан. Андан сырткары, демократтар демилгелеген импичмент анын 2020-жылдагы шайлоодо жеңишке жетерине жардам берет деген оюн да жар салып жиберген.