Баткенде "Российская газета" аллеясы ачылды. Сүрөттөр

Облус башчысы өкүлчүлүктүн айланасына курулуп жаткан сейил бакта журналисттердин аллеясы да болорун кошумчалады.
Sputnik

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Баткен шаарында "Российская газета" аллеясы ачылды.

Жергиликтүү кабарчынын маалыматына ылайык, аземге өкмөттүн Баткендеги өкүлү Акрам Мадумаров баштаган бийлик өкүлдөрү, "Российская газета" басылмасынын башкы редактору Дмитрий Евлашков жана журналисттер катышты.

Облустук өкүлчүлүктүн имаратынын алдына бак тигилип, атайын тактайча орнотулду.

Катышуучулар келечекте эки өлкөнү жана журналисттердин кызматташуусуна өбөлгө түзгөн аллея болорун баса белгилешти. Ошондой эле облус башчысы өкүлчүлүктүн айланасына курулуп жаткан сейил бакта журналисттердин аллеясы да болорун кошумчалады.