АКШ сенаты Трамптын импичментин карап баштайт

Трампты кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, конгресстин ишине бут тоскон деп айыптап жатышат. Ал эми республикачылар учурда партиялашын актоого ниеттенүүдө.
Sputnik

БИШКЕК, 16-Янв. — Sputnik. АКШнын сенаты импичменттин жол-жобосунун негизинде президент Дональд Трампты айыптоо ишин карап баштай турганын республикалык көпчүлүктүн лидери Митч Макконелл билдиргенин РИА Новости жазды.

Анын айтымында, жыйын жергиликтүү убакыт менен саат 12.00дө башталат (Бишкек убактысы менен саат 23.00). Сенаторлорго Трампка коюлуп жаткан айыптоолордун беренелерин Өкүлдөр палатасы айтып бермекчи.

АКШ конгрессинде Трампка импичмент жарыялашты. Эми эмне болот?
Ошол эле күнү аталган процессти карай турган Жогорку соттун башчысы да ант берет.

Өкүлдөр палатасы шаршембиде президент Дональд Трамптын импичментине байланышкан ишти сенатка өткөрүп берүүгө добуш беришкен.

Декабрда Трампка кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана конгресстин ишине тоскоолдук жаратуу боюнча эки берененин негизинде импичмент жарыяланган.

Демократтар сенаттагы республикалык көпчүлүк алардын процесс боюнча талабын кабыл алуусу үчүн ишти өткөрүп берүүнү созуп келишкени менен республикачылар алардын мындай шартын кабыл алган жок.

Ал эми республикачылар учурда партиялашы Трампты актоого ниеттенүүдө.