БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Япониянын айлана-чөйрөнү коргоо министри Коидзуми Синдзиро январда жарыкка келе турган тун баласын кароо үчүн декреттик өргүүгө чыгууга ниеттенүүдө. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Маалыматка караганда, Коидзуми башка кесиптештерин дагы бала багуу үчүн тартынбай эле эмгек өргүү алууга чакырган.
Коиздуми декретке чыгуу тууралуу жубайы, белгилүү модель жана алып баруучу Такигава Кристель боюнда бар экенин билгенден кийин эле ойлоно баштаган. Муну либералдык-демократиялык партиянын консервативдүү өкүлдөрү сынга алган. Бирок министр япон коомчулугунун көз карашын өзгөртүү үчүн баланы кароо үчүн декретке чыгуу чечимин кабыл алган.
Япониянын мыйзамында бала кароого ата-эненин экөөнө тең бирдей уруксат берилгени менен аны көпчүлүк эркектер колдоно бербейт. Башкы себеп — аялын үйдүн камкорчусу көргөндөн тартынышат. Ошол эле учурда адистердин айтымында, эмгек өргүүнүн мындай түрүн жайылтуу премьер-министр Синдзо Абенин алдыга койгон эки максатын — баланын төрөлүшүн көбөйтүү жана аялдарды ишке тартууну ишке ашырууга көмөк көрсөтөт.