Жумушчу топ Тажикстан менен жер алмашуу боюнча ишке киришти

Чечим 14-январда өткөн эки тараптуу жолугушуулардын натыйжасында кабыл алынган. Учурда тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатканы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Топографиялык жумушчу топ тажик тарап менен жерлерди өз ара алмашуу боюнча маселелерди иштеп чыгууга киришкенин өкмөттөн кабарлашты.

Белгилей кетсек, чек ара көйгөйүн чечүү максатында 14-январда эки тараптын делегациялары жолуккан. Натыйжада топографиялык жумушчу топко 2020-жылдын 1-мартына чейин Баткен облусундагы Баткен району менен Тажикстандын Исфара шаарынын ортосундагы бир нече жерден окшош жана аянты бирдей тилкелерди өз ара алмашуу боюнча макулдашылган варианттарды иштеп чыгуу тапшырмасы берилген.

Чек ара боюнча бишкектиктер да митингге чыгышты. Сүрөттөр
Топтун жыйыны Баткен шаарында вице-премьер Жеңиш Разаковдун жетекчилиги алдында өтөт. Учурда тиешелүү сунуштарды даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Мындан тышкары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына тиешелүү материалдар иштелип чыгып жатканы айтылды.