Катарда Иманалиевдин арабчага которулган "Кыргыздар" китебинин бет ачары өттү. Сүрөт

Эмгекте кыргыз элинин салты, тарыхы, табияты, улуу инсандары, улуттук баалуулуктары — комуз, боз үй, калпагы туурасында кеңири баяндалган.
Sputnik

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Доха шаарында Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин араб тилине которулган "Кыргыздар" китебинин бет ачары болду. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган эмгек 2020-жылдын 14-январында Дохадагы XXX эл аралык китеп көргөзмөсүнө коюлган.

Китеп буга чейин орус, англис, немец жана кытай тилдерине которулган.

"Китеп алгач 2002-жылы жарык көрүп, андан кийин бир нече тилдерге которулган. Анда кыргыз элинин салты, тарыхы, табияты, улуу инсандары, улуттук баалуулуктары — комуз, боз үй, калпагы туурасында кеңири баяндалган", — деп айтып берди автор Sputnik Кыргызстан агенттигине.

"Манас" эпосу өзбек тилинде жарык көрүп, окурмандарга сунушталды
Анын айтымына караганда, "Кыргыздарды" Катардын Туризм жана спорт министрлиги которткон.

Учурда Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз жана Эмил Токтошев Катарда иш сапар менен жүрөт.

Алар Катар парламентинин Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун өкүлдөрү Али Абдилатиф жана Насер ал-Хумейди менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу маселелерин талкуулашкан.

Буга чейин Иманалиев Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен түзүп чыккан "Кыргыздар" аттуу 20 томдук жарык көргөн.