Россияда эмгектенген кыргызстандык ишкер айылына мектеп куруп берди. Сүрөт

Жаңы мектепти курууга алты миллион сомдон ашуун каражат сарпталган. Анын 200 миң сому айыл өкмөт тарабынан берилди.
Sputnik

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылынын Кызыл-Алма участогуна жеке ишкер эки кабаттуу мектеп куруп берди. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, 180 орунга ылайыкталган окуу жайдын курулуш иштери 2019-жылдын жай айларында башталган. Мектептин имаратын тургузууга Арстанбап айылынын тургуну, Россияда эмгектенген ишкер Кубатбек Досматов каржылык колдоо көрсөткөн. Ал эми устачылык иштерине жергиликтүү тургундар тартылган. 

Россияда эмгектенген кыргызстандык ишкер айылына мектеп куруп берди. Сүрөт

Буга чейин беш чакырым алыстыктагы мектепке жөө каттаган балдар эми жаңы мектепте окуй башташат.

"Ата-энелердин өтүнүчү менен демилге көтөрүп, мектептин курулуш иштерине көмөктөштүм. Башка ишкерлерди да жаштардын келечеги үчүн кам көрүп колдоого чакырам", — деди Досматов.

Жаңы курулган мектептин ачылыш аземи 13-январда өткөрүлүп, ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жашоочулар катышты. Жаңы билим уясын салууга алты миллион сомдон ашуун акча сарпталган. Арстанбап айыл өкмөтү да жергиликтүү казынадан 200 миң сом бөлүп берген.