Жумгалда итке таланган илбирсти Ысык-Көлгө алып келишти. Видео

Жаныбар Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы жаныбарларды багуу жайында кыштамакчы. Учурда анын абалы жакшырып, тамактана баштаганы айтылат.
Sputnik

Жумгал районунан алып келинген илбирсти реабилитациялоо жана кыштатуу максатында Ысык-Көлдүн Ананьево айылындагы жаныбарларды багуу жайына алып келишти. Бул тууралуу NABU уюму билдирди.

"Жаныбар өзүн жакшы сезип калды. Аны менен чогуу ветеринар дагы барды", — деп айтылат билдирүүдө.

Таластан кармап келген бала илбирс акырындап эт жеп баштады. Видео
Эске салсак, 11-январда Нарын облусунун Жумгал районунан илбирс алып келинген. Жаныбарды Кашка-Суу кыштоосунан жергиликтүү тургундар көрүп калып "Илбирс тобуна" кабарлашкан. NABU менен Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери жерине барып, жаныбарды сарайдан табышкан.

Сарайдын ээсинин айтымында, жырткыч бул жайдан алыс эмес жердеги кыштоодогу малга кол салганга аракет кылганда ага иттер асылган. Илбирс сарайга качып кирип, чыга албай калган. Жашоочу иттерди кубалап, тийиштүү кызматтарга кабарлаган.