БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Бул беттештин видеосу аталган уюмдун Twitter-аккаунтуна жарыяланган.
Кытай спортчусу беттештин 55-секундасында тагдыр чечүүчү соккуну алып, жерге кулап түшкөн. Ал калысты дароо буттан алып, согончогун кайрый баштаган.
Адатта мындай ыкма кишинин ден соолугу үчүн коркунучтуу — тизенин тарамыштарынын үзүлүп жана кызыл ашыктын сынып кетишине алып келет.
ММА беттешинде бул ыкмага уруксат берилген, бирок бразилиялык жиу-житсу турнирлеринде бул техника жаракат алып келет деген кооптуулуктан улам тыюу салынган.