Facebook менен Instagram Сулейманини колдогон постторду өчүрүп жатат

Facebook өкүлүнүн түшүндүрмөсүнө караганда, мындай кадам АКШнын санкциялары менен байланыштуу. Тагыраагы, АКШ Ислам революциясынын коргоочулар корпусу жана анын жетекчилигин санкцияга киргизген.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Facebook менен Instagram 3-январда авиасоккунун кесепетинен көз жумган ирандык генерал Касем Сулейманини колдогон постторду өчүрүп жатат. Бул тууралуу Facebook тармагынын өкүлүнө шилтеме берип CNN кабарлады.

Facebook өкүлүнүн түшүндүрмөсүнө караганда, мындай кадам АКШнын санкциялары менен байланыштуу. Тагыраагы, АКШ Ислам революциясынын коргоочулар корпусу жана анын жетекчилигин санкцияга киргизген.

Twitter Ирандын жогорку лидеринин аккаунтун блоктоп салды
Анын айтымында, социалдык тармакта АКШнын санкцияларына илинип калган ирандык жарандардын жана уюмдардын жазгандары өчүрүлүүдө. Ушундай эле тагдыр АКШнын "кара тизмесиндеги" фигуранттарды мактап-жактаган постторду күтүп жатат.

Ал ортодо Тегеран бийлиги элин Instagram тармагына каршы бойкотко чакырып, посттору өчүрүлгөн колдонуучулар арызданчу портал ачып жатышат.

Ал эми Касем Сулейманинин өзүнүн баракчасын социалдык тармактын жетекчилиги былтыркы жылдын апрель айында өчүрүп салган. Буга ал жетектеген "Кудс" Ислам революциясынын коргоочулар корпусу террордук уюм катары "кара тизмеге" киргени себеп болгон.