Адистер ашказан рагынын белгилери жана алдын алуу жолдорун айтты

Ашказан рагы дүйнө жүзү боюнча көп тараган онкологиялык оорулардын бири. Анын белгилерин ашказан жарасы менен оңой эле алмаштырып алуу мүмкүн.
Sputnik

БИШКЕК, 12-янв. – Sputnik. Адистер ашказан рагын кантип алдын алса болорун айтып беришкенин "Известия" жазды. 

2020-жылдагы эң мыкты диетанын үч түрү белгилүү болду
Билдирмеге ылайык, ооруну убагында аныктоо үчүн адам дайыма медициналык кароодон өтүп турушу керек. Эгер адам тамактангандан кийин ичи көөп, дайыма зарына болуп турса, себеби жок кускусу келсе, ичи ооруса, аз тамак жесе да тез эле тоюп калса, дароо салмак таштап, бат чарчаса тез арада дарыгерге кайрылышы керек.

Акыркы стадияга жеткенде кансырай баштайт. Адистер ашказан рагын алдын алуу үчүн бир нече эрежелерди эстен чыгарбоо керектигин айтты. Алар: салмакты көзөмөлдөп туруу, рационго жашылча-жемиштерди кошуу, чылымдан баш тартып, дене тарбия көнүгүүлөрүн жасоо.