Чийинден чыгып кетишти. АКШ менен Ирандын тиреши күч алабы?

Кошмо штаттар Жакынкы Чыгышты америкалык-ирандык тирештин чок ортосуна калтырды. Вашингтон менен Тегеран бири-бирин опузалоону басаңдатканына карабастан, коркунуч кырынан эч ким кайта элек.
Sputnik

Россия Федерациясынын Финансы университетинин саясат таануу департаментинин доценти Геворг Мирзаян атайын Sputnik үчүн.

Сөз эгеси

Чындыгында чырдын башы Сирия менен Ирактагы шииттердин кошуундары орун алган жерлерди америкалык ракета-бомбалык чабуулдарынан улам чыкты. Натыйжада, сириялыктар гана эмес, ирактык кошуундар да набыт болушкан, аныгында алар америкалыктарга союздаш өлкөлөрдүн армияларынын күчтөрү эле.

Жаалданган жергиликтүү тургундар Багдаддагы АКШ элчилигин басып алууга жөнөшкөн. Имаратты алар, албетте, басып ала алышпады, бирок негедир Вашингтон 40 жыл илгерки тарыхты (Тегерандагы АКШ элчилигин басып алганын) эстеди. Анан америкалык жетекчилик бул чабуулдун демилгечилерин жазалоого өттү. Өз аскерлерин эмес, ирандыктарды бутага алды. АКШнын пикиринде, чабуулду Ирандын чет жердеги аскерий аракеттерин жетектеген, даңазалуу генерал Касым Сулеймани уюштурган. Америкалыктар башкаларга сабак болсун деп аны өлтүрүп тынды.

Пентагонду "эсине келтирүү". Иран АКШнын аскерий алсыздыгын ачыктады
Бирок Тегерандагылар соккуга сокку менен жооп кайтарышкан. Ракеталык чабуул эки америкалык базага жасалган (баса, биринде генералдын жанын алган дрон учурулган). Трамптын америкалык аскерлерге жасалган бир чабуул үчүн элүү ирандык объектиге (согуштук гана эмес, маданий баалуулугу бар жайларга да) толук чабуул жасаларын эскерткенине карабастан, ушундай кадам жасалган.

Жыйынтыгында Трамп эң согушчул америкалык президенттердин бири катары чечим кабыл алууга тийиш эле: убадасына туруп согуш тутантуу же кырдаалды жөнгө салуу.

Трамп эң амалкөй-кер какшык америкалык президенттердин бири катары экинчи жолду тандады. Сөздүн ээси айтканынан кайта ракеталык соккулардын жүрүшүндө америкалыктар каза таппаганын, "артка чегинген Иранга" болгон аскердик сокку уруудан карманарын жарыялаган. Мунун ордуна ал ар кыл санкциялар жана кысым көрсөтүүгө өткөн.

Мындай чечимдин себептери да түшүнүктүү, Трамптын өз келечегине кам көрүүсү дагы болуп саналат. АКШ менен Ирандын согушу аталган Ислам Республикасын гана кыйратпастан, 2020-жылы Трамптын президенттикке кайра шайлануу мүмкүнчүлүктөрүн да жок кылмак.

Баары эми гана башталат

Бирок Трамптын акыл калчаганы деле кырдаалды жай жүргөн жаңжал нугуна салды дегендик эмес. Андай багыт эбак жок болгон. Вашингтон менен Тегеран эки тарап койгон жана эки тарап тең сыйлаган чийимден аттап кетишти. Азыркы тапта эки борбор калаа тең жаңы салгылашка, өз алдынча дипломатиялык белгисиздикке даяр.

Биринчилерден болуп ал чектен Кошмо штаттар аттады, көз көрүнөө Ирандын жогорку аскерий жетекчилеринин бирин жок кылды. Ал аталган өлкөнүн улуттук баатыры болчу, айрым серепчилердин баамында, Иран Ислам Республикасынын кийинки президенти болууга да мүмкүнчүлүгү бар эле. Андан соң Вашингтон куру чечендиктен чегине: "биз эл менен эмес, ирандык режим менен согушуп жатабыз", – деп билдирген. Бирок Трамп маданий мурас объектилерин бомбалайм деп коркутканы бүтүндөй цивилизацияны да опузалаганы эле.

Ушул эки учур тең бүткүл ирандык пропаганда аткара албай келген нерсени ишке ашырып койду: ирандык коомчулуктун (санкциялардын экономикалык таасиринен улам буркан-шаркан түшкөн жана жик кеткен, ошондой эле Ислам Республикасынын Йемен, Сирия жана Ирактагы операцияларга кеткен мамлекеттик ири чыгымдарга нааразы да ирандыктардын) башын бириктирди.

Twitter Ирандын жогорку лидеринин аккаунтун блоктоп салды
Вашингтон ирандыктарды гана эмес, ирактыктарды да бириктирип койду. Ирандын басым жасап келгенине нааразы болгон ирактык шииттердин ортосуна жик салуу боюнча Сауд Аравиясынын жана башка күчтөрдүн бир топ жылдан берки аракетин солгундатты. Багдадга жакын жерде Сулейманинин кортежине ачык сокку уруу, аны менен катар эле ирандык генерал менен кошо бараткан ирактык шииттик кошуундун лидери Абу Махди аль-Мухандистин жана башка ирактык жоокерлердин өлүмү жергиликтүү шииттердин башын бириктирди.

Алардын биримдиги канчалык бекемделгенин мындан билиңиз, алар Ирактан АКШга аскердик күчтөрүн чыгарып кетүү талабы менен резолюцияны парламент аркылуу өткөрүп алышты. Бул чечимди аткаруудан Трамп баш тартып (күчтөрдү чыгаруу али эрте деген себеп менен), ал эми мамлекеттик катчы Майк Помпео Ирак парламенти өлкө калкынын эмес, Тегерандын талабын чагылдырып жатканына ишарат кылганы да Багдаддагы антиамерикалык маанайды күчөтүп жиберди.

Ирандыктар болсо буга дейре эч бир өлкөнүн колунан келбегенди кылышты. Америкалык базаларга ачык ракеталык сокку урду, бирок аскерий "жооп" алышпады. Бул АКШдагы коопсуздукту камсыздоо үчүн маанилүү чийим эле. Бул коопсуздук америкалык аскерий күчтүн кудуретине гана эмес, Американын душмандарынын да Кошмо штаттарга кол салышса, бүтүндөй америкалык күчтөр аларды басып жатып калат деген ынанымына да таянчу. Трамптын Иранды бомбалоодон баш тартышы азыр Американын душмандарын (АКШга каршы мындан аркы аскерий операцияларды иштеп чыгууга өбөлгө алган ирандык аскерлер гана тургай, бөлөк өлкөлөрдөгү да "сыйлуу жолдошторун" да) козголткондой болду. Демек, мындан ары да согуштук жаңжалдарды күтүүгө болот.

Мүмкүнчүлүктөр жана тобокелдиктер

Кызыкдар өлкөлөр иран-америкалык жаңжалга тыкыр байкоо салышууда. Кай бирлери бул тирештин пайдалуу багыттарын, ал эми башкалары жаңжалдын айынан тарткан саясый дагы, экономикалык дагы чыгымдарын эсептөөгө киришти.

Жик салчулардын алдыңкы сабында, албетте, Израиль менен Сауд Аравиясы турат. Эки өлкө жаңжалга гана эмес, түздөн-түз америкалык-ирандык согушка (анткени Тель-Авив жана Эр-Рияд Иранды экзистенциялык так бир себеби жок, эч бир дооматсыз жек көргөн душманы катары көрөт, бирок өз күчтөрү менен аларга алы жетпей келишет) бүйүрү кызыйт.

Өкүлдөр палатасы Трамптын Иран боюнча ыйгарым укуктарын чектөөнү колдоду
Анан, албетте, Израиль жана Сауд Аравиясы Трамптын баары бир убадасын аткартып, Иранга катуу сокку урушуна алып келчү кандайдыр жаңы жаңжалдардын чыгышына өтө кызыкдар. Маселен, америкалык жарандарга каршы изи Тегеранга алпарчу терактылар. Куру дегенде Ирандын эл аралык коомчулукка каршы кылмыштуу аракеттери деле аларга жарай берет. Булар үчүн Иран Ислам Республикасына каршы жаңы санкцияларды коюуга болот.

Жабыр тарткандардын арасында баарынан оболу Ирандын конструктивдүү коңшулары – Армения менен Азербайжан бар. Эгер согуш оту тутанып кетсе, аталган кавказдык республикалардын аймагына миллиондогон ирандык качкындар агылат, аларды багып, кийиндирип жана жайгаштырууга туура келет.

Бирок согуш чыкпаган күндө да Америка менен Ирандын ортосундагы тиреш мамиленин ырбашы Ереван менен Бакуга америкалык кысымдын күчөшүнө алып келиши ыктымал. Трамптын андай кысым көрсөтүү үчүн инструменттери жок эмес. Америкалыктардын Армения менен Азербайжанды Иран менен болгон тирешине аралаштыруу боюнча буга чейинки аракеттеринен майнап чыкпады, бирок кысымга алуунун олуттуу ыкмалары анда али пайдаланылган эмес эле.

Америкалык-ирандык тирештин күч алышы Ереван менен Баку Тегерандын катышы менен ишке ашырууну көздөп турган дымактуу экономикалык долбоорлорунун да тагдырын арсар кылат. Биринчи кезекте кеп "Түндүк-Түштүк" транспорттук коридорлору (Суэц каналы аркылуу өткөн Европа менен Инд океанын бириктире турган), ошондой эле энергетика тармагындагы кызматташтык туурасында.

Автордун пикири редакциянын көз карашын билдирбейт.