БИШКЕК, 11-янв.— Sputnik. Сот Абхазияда президенттик шайлоо кайрадан өтсүн деп чечти. Бул тууралуу Sputnik Абхазия жазды.
Маалыматка ылайык, сот Алхас Квицинианын шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп таануу боюнча арызын канааттандырган.
Алхас Квициниа — оппозициялык партиянын лидери, мурда президенттикке талапкерлигин койгон.
Чогулган оппозициянын өкүлдөрү соттун чечимин угаары менен кубанып, кол чаап жиберишкен. Андан кийин президенттин администрациясы тарапка бет алышкан. Ал жакта соттун чечимин майрамдап 1000ге чукул оппозиция өкүлдөрү чогулган.
Ал эми азыркы президент Рауль Хаджимбанын маалымат кызматы соттун чечимине нааразы. Алар сот мыйзамды бузуп чечим чыгарганын айтып, бул нерсе өлкөдө коомдук-саясий кырдаалды курчутуп жибериши мүмкүн деп билдиришти.
2019-жылдын 8-сентябрында Абхазияда президенттик шайлоонун экинчи туру өткөн. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, анда элдин 47,39 пайыз добушун алып жеңишти Рауль Хаджимба камсыз кылган. Ал эми "Амцахара" оппозициялык партиясынын лидери Алхас Квициниа 46,17 пайыз добуш алып калган.
Абхазиядагы митинг
9-январда Абхаз драма театрынын жанындагы аянтта оппозиция өкүлдөрү президенттик шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну жана мамлекеттин азыркы башчысы Рауль Хажимбанын отставкасын талап кылган.
Саат 13:15те акциянын катышуучулары драмтеатрдын жанындагы аянттан президенттин администрациясынын имаратына келген. Чогулган миңге чукул киши бир саат ичинде имараттын ичине айнектерди талкалап кирип келген. Ал эми саат 15:00дө имаратты басып алган.
9-январда кечинде борбор калаа Сухумиде Хажимба катышкан Коопсуздук кеңешинин шашылыш жыйыны өткөн. Анда мамлекет башчы абхаздарды тынчтыкты сактап, чагымчылдыкка алдырбоого чакырган. Эгер жарандар токтобосо, чукул кырдаал киргизиле тургандыгын эскерткен.
Андан сырткары, 9-январь күнү кечинде оппозиция лидери, парламент депутаты Аслан Бжания келген. Алгач президенттик аппараттын имаратында нааразылык акциясынын катышуучулары менен жолугуп, андан соң Эл өкүлдөрүнүн шашылыш өтүп жаткан жыйынына катышкан.