Айбаттуу, күчтүү. Путиндин Крымда деңиздеги машыгууга көз салып турган видеосу

Крым жээгинде, Кара деңиз акваториясында Түндүк жана Кара Деңиз флотунун биргелешкен аскердик машыгуулары өттү. Маневр учурунда "Калибр" жана "Москит" ракеталары учса, "Кинжал" канаттуу ракеталарын коё бергенде кандай күч жана ылдамдыкта атылаары көрсөтүлдү.
Sputnik

Жээкте жайгашкан "Утёс" ракеталык комплекси бутага таамай тиерин дагы бир ирет президент Владимир Путиндин алдында демонстрация көрсөтүп берди.

Путин булардын бардыгына "Маршал Устинов" ракеталык крейсеринен көз салып турду. Машыгууларга 30дан ашуун аскер кемелери менен суу астында жүрүүчү кайыктар жана аскердик авиациядан 40ка чукул техника катышты.