Жашоону 10 жылга узартуунун жөнөкөй 5 эрежеси айтылды

Окумуштуулар 20 жыл ичинде жүз миң адамдын ден соолугуна байкоо жүргүзүп, качан жана кандай илдет менен ооруганын каттоого алышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Гарвард жана Амстердам университетинин адистери жашоону 10 жылга узартуу үчүн беш жөнөкөй эрежени сактоо керектигин айтышты. Бул туурасында British Medical Journal жазды.

Ашыкча салмак рактын 9 түрүн чакырат. Жаңы иликтөө
Адистер 50 жаштагы 100 миң кишинин катышуусунда иликтөө жүргүзгөн. Алгачкы байкоолордо алардын ден соолугу жакшы болгон. Окумуштуулар 20 жыл бою катышуучулардын кимисинде жана качан жүрөк-кан тамыр оорулары, рак жана экинчи типтеги диабет пайда болоруна көз салышкан.

Илимпоздор жашоону узартууда чылым чегүү, спирт ичимдиктерин көп ичүү, ашыкча май менен таттуу тамактарды колдонуу, кыймылдын аздыгы жана ашыкча салмак терс таасир берерин аныктай алышкан.

Натыйжада жогорудагы жаман адаттардан баш тарткан аялдар орто эсеп менен 84 жашка чейин өмүр сүрүшкөн. Ал эми эрежени сактай албагандар болжолдуу түрдө 73 жашка чейин жашашкан. Ал эми эркектерде мындай көрсөткүчтөр 81 жана 73 жашка туура келген.