БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда 200 килограмм кара икра өндүрүлгөн, бирок ал экспорттолгон эмес. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине КРдин Балык чарбалар ассоциациясынын жетекчиси Ренад Досаев билдирди.
Бир нече жыл мурда ата мекендик компаниялардын бири осетр тукумуна кирген балыктарды өстүрө баштаган. Буга чейин алардан анча чоң эмес көлөмдө икра алынып келген.
Бул кышта бир жарым тонна кара икра алып, килограммын 35-40 миң сомдон экспорттоо пландалып жаткан.
"Жыйынтыгында ишкерлер 200 килограммдай гана икра алышты. Ички рынокто килограммы 30 миң сомдон сатылды", — деди Досаев.
Анын айтымында, ишкерлер товардын көлөмүн атайылап азайтышкан. Анткени экспорттоо боюнча эл аралык уюмдун атайын документин ала албай калышкан. Демек, икра өндүрүлгөн күндө дагы сыртка чыгаруу мүмкүн болмок эмес.
"Документтерди тууралоого 2-3 ай кетет. Бул иштерди эми ушул же келерки айда баштайбыз. Казакстан айына 100 килограммдан алып турууга даяр", — деди жетекчи.
Ал кошумчалагандай, Кыргызстанда күнүнө 50-100 килограмм икра өндүрүүгө болот. Негизги талап — суунун жылуулугу 10 градустан жогору болушу керек.