Каракол: чогуу жашаган аялын өрттөөгө шектелген эркек кармалды

Жаракат алган келин 33 жашта экени, ал эми шектүү катары кармалган күйөөсү 35 жашта болгону айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Каракол шаарында жарандык никедеги жубайына бензин чачып өрттөп жиберген деген шек менен күйөөсү кармалды. Бул туурасында Ысык-Көл облустук милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, 4-январь күнү болжол менен саат 16.20 чамасында Каракол шаардык милициясынын  нөөмөт кызматына Торгоев көчөсүнө чакыруу түшкөн.

"Ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге барган. Териштирүү жүргүзгөн учурда Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын 33 жаштагы тургуну Б.С. Ак-Суу районунун Маман айылынын 35 жаштагы тургуну Ч.Н. аттуу чогуу жашап жүргөн аялын пикир келишпестиктен улам бетине бензин чачып күйгүзүп жибергени аныкталган. Андан соң киши окуя болгон жерден качып кеткен. Келин Ысык-Көл облустук  бириккен ооруканасынын травматология бөлүмүнө жаткырылган", — деп айтылат маалыматта.

Абылгазиев ур-токмоктон каза тапкан келиндер боюнча үн катты
Аталган факт Каракол ШИИБдин Кылмыштар жана жоруктар боюнча бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 39-130 беренесинин ("Бейбаштык максатта киши өлтүрүүгө аракет көрүү") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ал эми келиндин жаракаттарын аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Шектүү Ч.Н. кармалып, Каракол шаардык сотунун чечими менен 2 айга камакка алынды. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.