БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Ирандын жалпыга маалымдоо каражаттары Тегеранда жүргүнчү ташыган учактын кулап түшкөн учуру тартылып калган ирмемди жарыялап жатат.
RT телеканалы Telegram каналына ирандык ЖМКлар чыгарган видеону жүктөдү. Андан лайнердин бийиктиктен түшкөндө тетиктери чачырап кеткенин көрүүгө болот. Ошол эле учурда жалын каптаган.
Эскерте кетсек, 8-январь күнү эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алып абага көтөрүлгөн Украинанын Boeing 737-800 лайнери бир аз убакыттан кийин эле жерге кулаган. Ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес. Ирандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сөөктү таанууга да мүмкүн болбой жатканын билдирген. Бортто Иран, Украина, Канада, Германия, Швеция жана Афганистандын жарандары болгону айтылды.
Бул каргаша байланыштуу бүгүн, 9-январь, Украинада аза күтүү күнү деп жарыяланды.