ЖК депутатынын Миграция кызматында иштеген бир тууганы кармалды

Финпол колго түшкөн аткаминер тууралуу расмий түрдө маалымат бере элек. Ишенимдүү булактын айтымында, Төлөнов пара алып жатып кармалган.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Мамлекеттик миграция кызматынын Маалыматтык-консультациялык борборунун директору Бактияр Төлөнов кармалды. Бул тууралуу Sputnik агенттигине Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматындагы (Финпол) ишенимдүү булак билдирди.

Анын айтымында, аткаминер 800 доллар пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.

Анын Жогорку Кеңештеги бир тууганы Данияр Төлөнов Sputnik агенттигинин кабарчысына бул тууралуу укпаганын айтып, телефонду коюп койду.

Финполдун маалымат кызматы бул кабар боюнча расмий комментарий бере элек.