Бишкекте маршрутка бакты сүзгөн учур видеого түшүп калган

Кадрдан транспорт даракты барып сүзгөнүн көрүүгө болот. Кырсыктан эки адам жаракат алып ооруканага жеткирилди.
Sputnik

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Бишкекте эл ташыган маршрутка кырсыктаган учур видеого түшүп калган.

Кадр Telegram каналындагы "Короче" тайпасына жарыяланды.

Буга чейин Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде №243 маршрутка кырсыктап, даракты сүзүп токтогону айтылган. Окуянын кесепетинен 67 жаштагы аял менен 14 жаштагы кыз башынан жаракат алып, ооруканага түшкөн

Айдоочу өзүнүн жоопкерчилигин камсыздандырып койгондуктан жабыркагандардын дарылануусуна кеткен чыгымды "АТН Полис" компаниясы төлөп бермей болду.