Иранда Генерал Сулейманинин сөөгү жерге берилүүдө

Иран бийлигине караштуу атайын даярдыктагы "Кудс" бөлүгүн баштаган Касем Сулеймани Багдадга жакын жердеги аба майданда 3-январда Пентагондун соккусунан курман болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Американын ракеталык чабуулунан көз жумган Ирандын генералы Касем Сулейманинин сөөгүнүн калдыктарын жерге берүү зыйнаты кичи мекени Керман шаарында башталды. Бул тууралуу РИА Новости Press TV каналына шилтеме берүү менен жазды.

"Сулейманини акыркы сапарга узатуу зыйнаты өзү туулуп-өскөн Керман шаарында болууда", — деген Press TV Twitter баракчасында.

Кечээ, 7-январда, Тегеранда генерал Сулейманини акыркы сапарга узатышып, эл Америкадан өч алууну талап кылган.

Иран Американын Ирактагы аскерий базасына 8-январга караган түнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 1.20да (Бишкек убактысы 4.20) баллистикалык ракеталар менен чабуул жасаган.

Генералдын өлүмү жана өч алуу

Ирандын ТИМ башчысы америкалык базага сокку уруунун себебин айтты
Белгилей кетсек, жыл жаңырары менен АКШ Багдаддын аэропортуна жасаган ракеталык чабуулунан кийин Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун генералы Касем Сулейманини жок кылган. Мындан кийин Иран генерал үчүн өч алууну убадалап, АКШга сокку уруунун 13 сценарийи бар экенин айткан. Ал эми Трамп америкалыктар чабуулга өтө турган болсо, Ирандын 52 объектисине сокку урарын билдирген.

Sputnik Кыргызстан Иран менен АКШнын ортосундагы кырдаал тууралуу онлайн-трансляция жүргүзүп жатат. Ал жактан ыкчам маалыматтарды окуй аласыздар.